Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өрт кызматкерлерине Жаңы жылдын алдында күжүрмөн даярдыкта иштөөнү буюрду
КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Жаңы жыл майрамынын алдында министрликке караштуу Өрт коопсуздугу агенттигин өрт-куткаруу иштеринде ыкчам жумуш алып барууга чакырды. “Айрыкча кыш мезгилинде жыл сайын электр энергиясынан жана турак жайларды жылытуучу мештерди пайдаланууда өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандыктан, өрттөрдүн саны өсөт. Ушул багытта калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл. Быйылкы жылдын башынан бери 3516 өрт болуп, аларды өчүрүү үчүн 3945 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Ал эми өткөн бир суткада өлкө аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 өрт бөлүмү тартылыптыр" - деди министр. Андан ары тиешелүү жетекчилерге алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берип, күжүрмөн даярдыкты күчөтүүнүн үстүндө иштөөнү министрликтин алдындагы өрт коопсуздугу агенттигинин жетекчилигине милдеттендирди.