Ленин райондук соту экс-депутат Кубанычбек Конгантиевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту тастыктады.
Берилген маалыматка ылайык, 15-июнда тергөө судьясынын токтому менен мурда тандалган камакка алуу чарасы үй камагына алмаштырылды.
Айта кетсек, Конгантиев 10-мартта депутаттык мандатын тапшырган. Ошол эле күнү ал УКМК тарабынан коррупцияга шектелип кармалган.