Биз социалдык тармакта

Таласта издөө иштери маалында каза болгон суучул тууралуу айтылды

Талас облусунда сууга аккан баланы издөө маалында каза болгон куткаруучу-суучул, лейтенант Аскар Казыбеков 32 жашта болчу.
ӨКМ кабарлагандай, ал баланы дарыядан издөө иштерин жүргүзүү маалында жаракат алган. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга жана дарыгерлердин аракетине карабастан, анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.
Маркумдун артында жубайы жана кызы калды.
Эске салсак, 15 жаштагы бала 23-июндан бери изделип жатат.


ӨКМ суучулу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан