Таласта сууга аккан баланы издөө маалында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулу каза болду. Бул тууралуу облус башчысы Эрмат Жумаев билдирди.
"4 күндөн бери Талас суусуна агып кеткен Байел аттуу баланы издөө иштери уланып жаткан. Тилекке каршы, бүгүн Бишкектен ӨКМ тарабынан жөнөтүлгөн куткаруучулардын бири сууга чөгүп, каза болду.
Мындан улам бүгүн, 27-июнга пландаган Талас облусунун 82 жылдыгына карата белгилене турган салтанаттуу иш-чара белгисиз мөөнөткө жылдырылды", - деди облус башчысы.
Ошондой эле облус башчысы издөө-куткаруу иштери атайын техникалардын жардамы менен улантылып жатканын белгиледи.
Эске салсак, 15 жаштагы бала 23-июндан бери изделип жатат.
Видео: УТРК Талас