Талас. Таласта жаш спортчулар грек-рим күрөшү боюнча күч сынашты
Талас шаарында 14-16-декабрь күндөрү Жээналы уулу Көкөндүн жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча 5-эл аралык мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Талас шаардык спорт мектебинин директору Таалайбек Сүйүналиев билдирди. Бул мелдешке Казакстандын Тараз шаарынан, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Бишкек шаарынан келген 11-16 жашка чейинки жаш спортчулар күч сынашты. Мелдешке жалпы 325 спортчу катышты. Жыйынтыгында 1-орунду ээлеген спортчулар - DVD, спорттук кийимдер менен сыйланышты. “Мелдештин эң жаш балбаны” наамын Талас шаарынын 11 жаштагы окуучусу Манасбек уулу Адилет алса, “Эң көп чемпион даярдаган машыктыруучу” наамын Эсентай Чоноралиев илип кетти. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылды.