Москвада "Манас" эпосу - дүйнөлүк эпикалык маданияттын эстелиги" аттуу конференция өтөт

18-19-декабрда Москва шаарында "Манас" эпосу - дүйнөлүк эпикалык маданияттын эстелиги" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Иш-чара Москва мамлекеттик университетинде орун алып, конференция аталган окуу жайдагы Африка жана Азия институту жана КРнын Орусиядагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулууда. Конференциянын биринчи күнүнө КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев катышмакчы. Конференциянын максаты - "Манас" эпосуна Орусия коомчулугунун көңүлүн буруу, бул тармакта кыргыз-орус окумуштууларынын жаңы жетишкендиктери менен тааныштыруу, КМШ өлкөлөрү арасындагы маданий кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат. Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Украина, Түркия өлкөлөрүнөн келген окумуштуулар катышмакчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан