Биз социалдык тармакта

Мурдагы спикер 9 жылга кесүү сунушу боюнча үн катты

Бүгүн, 2-июлда "75чилердин" иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда соттук отурум башталды.

Жараянга кирип бара жаткан парламенттин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу прокурордун айыпталуучуларга карата 9 жылга абакка кесүү боюнча өтүнүчүн "абсурд" деп атады.

"Сабыр кылып туралы, көрөбүз. Аз эле калды го",- деди ал.

Эскерте кетсек, “75чилердин каты” боюнча 8 адам айыпталууда. Сот отуруму 22-июндан тарта кайра жабык өтө баштады. УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылууда. Үчөө тең эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.

Ал эми Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен тергөө абагында кармалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан