"75чилердин каты" деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурумда прокурорлор судьядан шектүүлөрдү 9 жылдан абакка кесүүнү суранышты. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарына таянып жазышты.
Айта кетсек, бүгүн, 29-июнда "75чилердин" иши боюнча отурум Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жабык өттү.