Кыргызстанда 2012-жылы бруцеллёз менен ооругандардын саны төмөндөгөн
Кыргызстанда 2012-жылы бруцеллёз дарты менен ооругандардын саны төмөндөгөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин оорунун алдын алуу департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 2011-жылы аталган илдет менен ооругандардын саны - 4223 болсо, 2012-жылы - 2141 болгон же 49,3 пайызга кыскарган.