Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-декабрда ЖККУнун кезектеги жыйынына катышуу үчүн Москвага учуп кетти. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев ЕврАзЭБдин кеңешине да катышмакчы. Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн маалымдашкандай, Алмазбек Атамбаев Москвага болгон иш сапарында "Газпром" ААКсынын жетекчиси Александр Миллер жана Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Кошумчалай кетсек, Алмазбек Атамбаевден башка Москвага ЖККУнун жана ЕврАзЭБдин кеңешине катышуу үчүн биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов, "Кыргызгаз" ААКсынын башчысы Тургунбек Кулмурзаев учуп кетишти.