Бишкекте үй-жайсыз калгандар үчүн баш калкалоочу жайлар иштөөдө

Учурда Бишкек шаарында үй-жайсыз калгандар үчүн баш калкалоочу жайлар иштөөдө. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Алардын бири "Коломто" кайрымдуулук үйүндө үй-жайсыз калган 70 адамга орун жана бир маал тамак берилүүдө. Ошондой эле Ленин районунда да "Боорукерлик борбору" иштеп, 46 үй-жайсыз, балалуу айымдарга орун, бир маалдан тамак берилип жатат. Аталган баш калкалоочу жайлардан башка дагы 3 жай иштөөдө. Алар Фере көчөсүндөгү 33 адамга, 12 кичи районундагы 60 адамга жана Фучик сейилбагындагы 80 адамга ылайыкташкан баш калкалоочу жай. 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан