Биз социалдык тармакта

Касымалиев Катардын мурдагы эмири менен коштошуу зыйнатына катышты

Бүгүн, 15-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Катардын мурдагы эмири шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу расмий коштошуу зыйнатына катышты.

Анда Касымалиев Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугуп, президент Садыр Жапаровдун атынан маркум атасы шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты.

Расмий коштошуу зыйнаты 13-15-июль күндөрү дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринин президенттеринин, өкмөт башчыларынын, башкаруучу үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жогорку даражадагы расмий кызмат адамдарынын катышуусунда өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан