Катардын мурдагы эмири шейх Хамад бин Халифа Аль Тани 74 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, ал 1995–2013-жылдары Катарды башкарып, дүйнөдөгү таасирдүү башчылардын бири болгон. 2013-жылы шейх Хамад бийликти өз ыктыяры менен уулу, азыркы эмир Тамим бин Хамад Аль Таниге өткөрүп берген.
Өлкөдө төрт күндүк аза күтүү жарыяланды. Мамлекеттик желектер түшүрүлүп, 13-июлдан тарта министрликтердин, өкмөттүк мекемелердин жана башка мамлекеттик органдардын иши убактылуу токтотулду.
Коштошуу зыйнаты бүгүн, 12-июль күнү кечинде Дохадагы Имам Мухаммед бин Абдул Ваххаб атындагы мечитте өтөт. Андан соң анын сөөгү Лусаил шаарындагы көрүстөнгө жерге берилет.