Депутат Роза Акназарова ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын Бюро жыйынына катышты
ЖКнын депутаты Роза Акназарова ЕККУ (Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму) катышуучу өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин алкагында Дублин шаарында өткөн ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын Бюро жыйынына катышты. ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын Бюро жыйынында ЕККУнун иштеп жаткан төрагасы, Ирландиянын премьер-министринин орун басары жана Тышкы иштер жана соода министри Имон Гилмордун баяндамасы угулуп, ал андан ары суроо-жооптор менен улантылды. Ошондой эле ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын казыначысы Роберто Баттелли менен ЕЕКУнун Парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы Спенсер Оливердин, Жол-жоболор эрежеси боюнча комитетинин төрагасы Жоао Соарешанын баяндамалары угулду. Шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча акыркы миссиялар жөнүндө маалыматтар угулуп, Монголиянын 57-катышуучу мамлекет катары ЕККУга кошулуусу тууралуу маселе талкууланды. Андан сырткары 2013-жылы боло турган ЕККК Парламенттик ассамблеясынын жыйындары тууралуу маалымат да талкууга алынды.