Парламентте депутаттардын ишеним кат аркылуу добуш берүүсү талкууланууда
Учурда ЖКнын регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинде депутаттардын ишеним каты менен добуш берүү маселеси талаш-тартыш жаратууда. Депутат Курмантай Абдиев тарабынан сунушталган бул мыйзам долбоору депутаттарга ишеним кат аркылуу добуш берүүгө укук бербөөгө багытталган. Депутат Төрөбай Зулпукаров "ишеним кат аркылуу добуш бергенге болбойт деген учурда деле, депутаттар жанында отурган депутаттын компьютеринен анын атынан добуш бере берет. Мунун практикалык жактан өзүн акташы кандай болот?" деген суроо койду. Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева ишеним кат аркылуу мыйзам долбооруна 1-2-окууда добуш берүүгө уруксат берүү, ал эми 3-окууда добуш берүүгө тыюу салуу сунушун айтты. Буга Курмантай Абдиев "андай кылып койсок, жыйынга келбеген жана мыйзам долбоору менен тааныш эмес депутат добуш берип калат" деди.