Анарбек Калматов: "Башка маселеде элден кеңеш сурасак да, ЖКнын регламентин депутаттар өзүбүз чечишибиз керек"
"Биз башка маселеде элди ойлоп, алардын сунушун уксак болот, бирок Жогорку Кеңештин регламентин биз, депутаттар, өзүбүз чечишибиз керек". Мындай пикирди бүгүн, 18-декабрда ЖКнын регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин жыйынында депутат Анарбек Калматов билдирди. "ЖКнын регламентин депутаттар өзүбүз бекитишибиз керек. Бизге "мындай же тигиндей иштегиле" деп эч ким кийлигише албашы керек. Анткени регламент - ар бир органдын иштөө тартиби" деди. Жыйында депутат Асия Сасыкбаева Жогорку Кеңештин ишинин ачык болушу керектигин айтып, ишеним кат аркылуу добуш берүүдө депутаттар аз катышып, элдин сынына кабылып жатканын айткан болчу. Анарбек Калматов ишеним кат аркылуу депутаттарга добуш берүүгө укук берген мыйзам долбоорун демилгелеп чыккан.