"Ага Хан" коомдук фонду "Адилеттүү башкарууну жогорулатуу" долбоорунун алкагында журналисттер арасында сынак жарыялайт. Сынактын максаты - аймакта эл аралык долбоорлордун негизинде жасалып жаткан иштерди жарыялоо, суу чарба мекемелери, социалдык тармактагы кызматкерлердин билимин жогорулатуу, шаардын жана айылдардын тазалыгы, муниципалдык мекемелердин иш-тажрыйбаларын ММК аркылуу элге жайылтуу болуп саналат. Сынакка катышкан журналисттердин эмгектери Кыргызстандын ичиндеги ММКлардын бири аркылуу сөзсүз элге жарыяланышы керек. Жеңүүчүлөр үчүн жалпы байге фонду 25000 сомду түзөт. Конкурстук материалдарды карай турган атайын комиссия түзүлүп, сынактын жеңүүчүлөрү 2013-жылдын февраль айына жакын аныкталат.