Депутат Ыргал Кадыралиева "депутаттардын туура эмес добуш берүүсү ал депутаттын үй-бүлөсүнө да таасир этет" дейт
18-декабрдагы ЖКнын регламенти жана депутаттардын этикасы боюнча комитетинин жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева ЖКнын өткөн тарыхына токтолуп, туура эмес добуш берүүнүн натыйжасын айтып депутаттарга кайрылды."Менимче, ар бир мыйзам долбооруна депутат өз пикирин билдирүүгө милдеттүү. Тарыхта белгилүү, туура эмес добуш берүүнүн айынан депутаттын өзүнө гана эмес, анын үй-бүлөсүнө, бала-бакырасына чейин кара так болуп калат" деди эл өкүлү. Ал буга мисал кылып Каркыра маселеси боюнча добуш берген депутаттардын азыркыга чейин артынан сөз болуп жүргөнүн айтты.