Жалал-Абад. "Киши өлтүрдү" деген шек менен Майлы-Суу шаарынын 2 тургуну кармалып, камакка алынды

15-декабрда Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу ШИИБине аталган шаардын Кара-Жыгач айылынын тургуну Урмашев Абдыкалык белгисиз бирөөлөр тарабынан киши колдуу болуп каза тапкандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Укук коргоо кызматкерлери ыкчым иликтөө аракеттерин жүргүзүп, маркумдун бычакталып каза болгону аныкталган. Каргаша маркумдун үйүндө болгондуктан, кылмышка далил буюм катары окуя болгон жерден 3 даана бычак жана кан болгон төшөктөр алынган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-криминалдык экспертизалар дайындалганы маалым болду. Кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган А.У. жана 1995-жылы туулган К.К. аттуу Майлы-Суу шаарынын тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан