Кечээ, 17-августта айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалган Рысгүл Акимжанова алдыда көп иштер күтүп жатканын айтты.
Ал ишеним көрсөтүп кызмат сунуштаган айыл чарба министрине ыраазычылык билдирди.
"Жаңы кызматымда кайра иштетүү, органикалык айыл чарба багыттарын алып барам. Буга чейин жеке сектордо топтогон тажрыйбамды эми мамлекеттик кызматта пайдаланам. Айыл чарба көрсөткүчтөрүн жогорулатууга, өндүрүштү жана кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү көтөрүүгө салымымды кошом. Алдыда аткарыла турган иштер абдан көп",- деди Акимжанова.