Рысгүл Акимжанова суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды.
Министрлик кабарлагандай, тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Ал министрликтин жамаатына тааныштырылган.
Айта кетсек, Акимжанова "Бай Элим" компания жетекчиси жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Токтошевдин жубайы.