Биз социалдык тармакта

Баткенде дарыяга агып кеткен жаранды издөөгө Өзбек куткаруучулары тартылды

Бүгүн, 18-августта Баткенде Кожошкен дарыясына агып кеткен 48 жаштагы жаранды издөө иштерине Өзбекстандын куткаруучулары тартылды.

ӨКМдин аймактагы башкармалыгы маалымдагандай, Өзбекстандан 32 куткаруучу, 16 милиция кызматкери тартылып, өз аймагында издөө иштерин жүргүзүүдө.

Издөө иштерин ыкчам жүргүзүү үчүн Өзбекстандын Сох районунда жергиликтүү бийликтин катышуусунда эки тараптуу жолугушуу уюштурулду. Издөө иштери эки өлкөнүн аймагында жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, кырсык 10-августта саат 18:00 чамасында Кожошкен жайлоосунун Кулп жерлигинде болгон.

Баткенде дарыяга агып кеткен жаранды издөө иштерине өзбек куткаруучулары тартылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан