Биз социалдык тармакта

Баткенде дарыяга агып кеткен жаранды издөө иштери жүрүүдө

Баткен районунда Кожошкен дарыясына агып кеткен 48 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, окуя 10-августта саат 18:00 чамасында Кожошкен жайлоосунун Кулп жерлигинде болгон. Дарыяга Баткен районунун Чоң-Кара айылынын тургуну Дайырбек Базарбаев агып кеткен.

Учурда издөө иштерине кошумча күчтөр тартылып, Зардалы, Жылуу-Суу, Таян жана Ак-Турпак багыттарында жүргүзүлүүдө. Издөө иштери Баткен РИИБинин көзөмөлүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан