Өмүрбек Абдрахманов: "Депутаттын негизги иши - кызматтык иш сапар эмес"
"Депутаттын негизги иши - кызматтык иш сапарлар эмес, мына мен иш сапарга барбай калдым, бирок андан менин боюм кыскарып калган жок" дейт депутат Өмүрбек Абдрахманов. Анын айтымында, ЖКнын жыйындарына депутаттар милдеттүү түрдө катышуусу керек. Дүйнөдөгү парламенттик өлкөлөрдүн тажрыйбаларына токтолгон эл өкүлү "ЖКнын жыйынына себепсиз катышпаган депутаттарга 1000 сомдон айып салуу сунушу айтылууда. Бул туура, айрымдар "айлык албаган да депутаттар бар" дегендер бар. Кеп акчада эмес, бир жолу катышпайт, эки жолу катышпайт, анан үч, төрт жолу болот. Муну ММКлар аркылуу элге жайылтсак, мындай кадам ал депутаттын атына көө жабат" деди.