Биз социалдык тармакта

Кадыровдун уулу башка өлкөнүн Коргоо министрлигинин медалы менен сыйланды

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун 18 жаштагы уулу Адам Кадыров Абхазиянын Коргоо министрлигинин "Согуштук шериктештик үчүн" медалы менен сыйланды. Бул тууралуу орус басылмалары Рамзан Кадыровдун Телеграм каналына таянып билдиришти.

Анын айтымында, сыйлык Адам Кадыровго В.В. Путин атындагы Орусиянын атайын багыттагы күчтөр университетинде өткөн күч түзүмдөрүнүн атайын бөлүктөрү арасындагы тактикалык атуу боюнча Эл аралык ачык чемпиондуктун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде тапшырылган. Адам Кадыров Абхазия менен кызматташтыкты бекемдөөгө жана өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин камсыздоого кошкон салымы үчүн медаль менен сыйланган.

18 жаштагы Адам Кадыров 2023-жылдын ноябрынан бери Чеченстандын башчысынын Коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп иштейт. Ошондой эле ал атасы Рамзан Кадыровдун жардамчысы.

Адам Кадыров "Кадыров" орденинин жана Чеченстандын парламентинин "Даймехкан Сий" (Мекендин намысы) орденинин ээси. Ушул жылдын июль айында "Орусиянын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугу инспекциясына 90 жыл" эстелик медалы ыйгарылган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан