Чеченстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы, 18 жаштагы Адам Кадыровго "Орусиянын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугу инспекциясына 90 жыл" эстелик медалы ыйгарылды.
Анын атасы, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров да ушундай эле медаль менен сыйланган. Буга чейин да Адам медалдар менен сыйланган.