Данияр Тербишалиев: "Депутаттар менен министрлердин айлыгын ММК аркылуу коомго жарыялаш керек"

 "Депутаттардын, өкмөт мүчөлөрүнүн айлык акысын ММКлар аркылуу коомго жарыялаш керек". Мындай сунушту депутат Данияр Тербишалиев 18-декабрда ЖКнын регламенти жана депутаттардын этикасы боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, депутаттар, министрлер, бир катар мамлекеттик кызматтын жетекчилери салык төлөөчүлөрдүн эсебинен айлык алып жаткан соң алардын маянасы да коомго ачык болушу керек. "Коомчулукта "депутаттар бир жылга 6 миллиондон ашык акча сарптайт экен" деген маалыматтар чыгып кетти. Мен бул боюнча токтом даярдадым эле. Депутаттардын, өкмөт мүчөлөрүнүн айлыгы коомго ачык болуп, керек болсо ММКларга жарыяланышы керек" дейт Тербишалиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан