Белгилүү Голливуд актрисасы Бай Лин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кырчын жайлоосуна барды.
Интернет желесинде тараган видеодон актрисаны коомдук ишмер Ассоль Молдокматова коштоп жүргөнүн көрүүгө болот.
Эске салсак, буга чейин Молдокматова Бай Линдин Кыргызстанга келген видеосун жарыялап, анда актриса "Такси" киносундагы цитатасын кыргызча айткан.