Бүгүн, 1-сентябрда белгилүү Голливуд актрисасы Бай Лин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Коомдук ишмер Асел Молдакматова анын видеосун жарыялады.
Анда ал "Такси" киносундагы цитатасын кыргызча айтканын угууга болот. Актриса Кырчын жайлоосуна барат. Буга чейин Маданият министрлиги актрисанын келерин кабарлаган.