Тынчтыкбек Чоротегин: "Учурда Википедияда 21 миң кыргыз макала бар"

"Учурда Википедияда 21 миң кыргыз макала бар". Мындай билдирүүнү бүгүн, 18-декабрда тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин билдирди. Анын айтымында, 2011-жылы Википедияда 4500 кыргыз тилинде макала бар болсо, 2012-жылы кыргыз макалаларынын саны 21 миңге жетти. "Википедияга кыргыз макалаларын кошуп, кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошобуз дегендердин саны өсүүдө. Кыргызча макалалардын саны мындан да өсүп, эң алдынкы орунга чыгат деген ойдобуз. Мисалы, Казакстандын Википедияда казак тилинде 200 миңден ашык макаласы бар. Биз дагы алар багынткан бийиктикти багынтабыз",- деди Тынчтыкбек Чоротегин.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан