Бүгүн, 9-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Малик Бектургановду башкы прокурордун кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.
Жыйынтыгында депутаттар анын талапкерлигин бир добуштан колдошту.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 30-августта ага башкы прокурордун милдетин убактылуу аткарууну жүктөгөн.