Өлкөнүн башкы прокурорунун биринчи орун басары Малик Бектургановго башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруу жүктөлдү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Буга чейин президент Максат Асаналиевди башкы прокурор кызматынан бошоткон. Андан соң ал УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Расмий маалыматка ылайык, Максат Асаналиевдин талапкерлиги УКМКнын төрагасы кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугуна киргизилет.