Биз социалдык тармакта

Президент эки жаңы министрди кызматка бекитти

Алмаз Айылчиев юстиция министри, Алмаз Имангазиев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясы кабарлады.

Айта кетсек, Айылчиев менен Имангазиевди бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңеш министр кызматына дайындоого макул берген. Ошол эле жыйында алар ант беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан