Биз социалдык тармакта

Парламент Алмаз Имангазиевди министр кылып дайындоого макулдук берди

Бүгүн, 9-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Алмаз Имангазиевди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Анын талапкерлигин депутаттарга президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрү анын талапкерлигин аталган кызматка бир добуштан колдошту.

Эске салсак, 7-сентябрда өлкө башчы Имангазиевди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Парламент Алмаз Имангазиевди министр кылып дайындоого макул берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан