Биз социалдык тармакта

Ошто тоноого шектелип өспүрүм балдар кармалышты

Ош шаарында тоноого шектелип 15, 16 жана 17 жаштагы балдар кармалышты. Бул тууралуу калаа милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-июль күнү алар скутер айдап бара жаткан 18 жаштагы жигитти токтотушуп, анын скутерин, iPhone XR үлгүсүндөгү телефонун жана 200 сомун тартып алышкан. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон.
Ошол эле учурда алардын үстүнөн 8 арыз түшкөн. Жабырлануучулар телефондорун жана акча каражаттарын шектүүлөр коркутуп алып коюшканын айтышкан. Ош шаарынын соту аларды бир ай абакта кармоо боюнча чечим чыгарды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан