Биз социалдык тармакта

Токаев Көчмөндөр оюндары үчүн Жапаровго ыраазычылык билдирди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстандын командасын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы жеңиши менен куттуктап, сыйлады. Бул тууралуу 11-сентябрда Tengrinews.kz басылмасы Акордого шилтеме берүү менен жазды.

Иш-чара Астанадагы Эгемендик сарайында орун алды.

Анын айтымында, улуттук курама команданын мүчөлөрү эл аралык иш-чарада жогорку чеберчилигин көрсөтүп, Казакстандын улуттук спорт түрлөрүндөгү аброюн дагы бир жолу тастыкташты.

"Оюндардын жыйынтыгында казакстандык спортчулар 74 медаль жеңип алышты. Анын 32си алтын медаль болду. Бул ийгилик элибиздин күчтүү мүнөзүн, бийик рухун жана жеңишке болгон бекем эркин дагы бир жолу далилдеди. Спорттун эң маанилүү миссиясы — өз ара урмат-сыйды жана колдоону тарбиялоо, ошондой эле элдердин достугун чыңдоо. Бул ири спорттук иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, анын жыйынтыктары адилеттүү болду. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын президентине ыраазычылык билдирем",- деген Токаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан