"Байтик" метеостанциясынын аймагында мыйзамсыз курулган имарат буздурулду. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, имаратты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ала-Арча дарыясынын өзгөчө коргоо режими белгиленген суу коргоо зонасына курган.
"Бул факты боюнча мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кылмыш жоопкерчилигине тартылып, мамлекетке келтирилген 7 миллион 650 миң сом зыян толугу менен өндүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.