Биз социалдык тармакта

PISAнын изилдөөсү боюнча смартфонго көп алаксыган өспүрүмдөрдүн окуп түшүнүүсү начарлаган

Өспүрүмдөрдүн китеп жана текст окуп, аны түшүнүү деңгээли төмөндөп жатат. Буга смартфон жана социалдык тармактарды көп колдонуу себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу Reuters Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (OECD) PISA-2025 изилдөөсүнө таянып жазды.

Изилдөөгө 91 өлкөдөн 760 миң 15 жаштагы окуучулар катышкан. Алардын окуу, математика жана табигый илимдер боюнча көрсөткүчтөрү PISA тарыхындагы эң төмөнкү деңгээлге түшкөн.

Окуу боюнча орточо көрсөткүч 2012-жылы 501 балл болсо, 2025-жылы 466 баллга чейин төмөндөгөн. Адистердин айтымында, өспүрүмдөр маалыматты тез эле жылдырып көрүүгө көнүп, текстти терең окууга аз убакыт бөлүп калышкан.

Өспүрүмдөр бош убактысында санариптик түзмөктөрдү күнүнө орточо 3,4 саат колдонушат. Экран алдында беш сааттан ашык убакыт өткөргөндөр PISA тесттеринен орточо төмөн балл алышкан.

Ошондой эле окуучулардын дээрлик жарымы жасалма интеллекттеги чат-ботторду үзгүлтүксүз колдонору аныкталган. Бирок OECD смартфонду мектептерде толугу менен тыюу салууну сунуштаган эмес. Уюмдун пикиринде, гаджеттерди ченеми менен колдонсо, алар билим алууга пайдалуу болушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан