Улуу Британия оккупацияланган Батыш жээктеги Израилдин конуштарында өндүрүлгөн товарларды өлкөгө импорттоого тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Британ өкмөтү Батыш жээкти басып алууну мыйзамсыз деп атап, айрым израилдик отурукташкандарды зомбулукка айыптады. Лондон бул чаралар Израилдин жалпы элине эмес, өкмөтүнүн саясатына каршы багытталганын билдирди.
Британиянын чечимин Франция, Канада жана башка бир катар өлкөлөр колдоду.
Буга жооп катары Израил Британиянын Иерусалимдеги консулдугун жабуу чечимин жарыялап, Лондондун санкцияларын адилетсиз деп сынга алды.