Кечээ, 13-сентябрда Бишкекте Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдо дрифт жасап, автоээнбаштыкка барган.
Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери айдоочудан документтерин көрсөтүүнү талап кылганда, аны досторунун бири телефон чалуулар аркылуу жоопкерчиликтен качырууга аракет кылган.
Ага карабастан, айдоочуга карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, унаа айып короого киргизилди.
Милициянын кайгуул-күзөт кызматы башкармалыгы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактап, коомго коркунуч жараткан аракеттерге барбоого чакырды.