Биз социалдык тармакта

Месси Аргентина курамасы менен акыркы оюн өткөрүү үчүн чакыртылды

Алтын топтун 8 жолку ээси, 2022-жылдагы дүйнө чемпиону Лионель Месси Аргентина курама командасы менен коштошуу беттешин өткөрүү үчүн чакыртылды. Бул тууралуу 15-сентябрда Аргентина футбол ассоциациясынан билдиришти.

Ассоциациясынын президенти Клаудио Тапиа социалдык тармактагы баракчасына Мессини 6-октябрда Аргентинада өтө турган беттешке чакырышканын жазды. Ага ылайык, Месси улуттук командага үч жолдоштук беттештин акыркысына 6-октябрда Бенинге каршы оюнга кошулат.

Месси 31-августта Аргентина курамасындагы карьерасын аяктай турганын жарыялаган.

Эскерте кетсек, 2022-жылы ал Аргентина менен дүйнө чемпиону болгон. Ошондой эле 2014-жылы Дүйнө чемпиондугунун финалында Германияга, 2026-жылы Испанияга каршы оюнда жеңилген. Мындан тышкары, Месси 2008-жылкы Олимпиада чемпиону жана 2021, 2024-жылдары Америка кубогунун жеңүүчүсү болгон.

39 жаштагы Месси "Барселонанын" тарбиялануучусу. Ал клубдун негизги курамында 2003-жылдан 2021-жылга чейин ойноп, 835 беттеште 709 гол киргизген. 2021-жылы "ПСЖга", ал эми 2023-жылдын жайында "Интер Майами" клубуна өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан