Биз социалдык тармакта

Месси Аргентина курама командасындагы карьерасын жыйынтыктады

Лионель Месси Аргентина курама командасындагы карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу 39 жаштагы футболчу соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Месси бул чечимди кабыл алуу ага оор болгонун, бирок улуттук курамадан кетүүгө убакыт келгенин белгиледи. Футболчу коштошуу тууралуу билдирүүсүн 21-июлда, 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун финалынан 2 күн өткөндөн кийин жазган. Бирок аны дароо жарыялаган эмес. 8-августта Мессинин атасы Хорхе Месси каза болгондон кийин, футболчу курама командадан кетүү чечимин туура деп эсептеген.

Лионель Месси Аргентина курамасында 2005-жылдан бери ойноп, 207 беттеште 125 гол киргизген. Ал улуттук команда менен 2022-жылы Дүйнө чемпиондугун жана 2021, 2024-жылдары Америка кубогун жеңген. Мессинин курама командадагы акыркы оюну 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун финалында Испанияга каршы өтүп, Аргентина 0:1 эсебинде жеңилген.

Месси буга чейин 2016-жылы да Аргентина курамасынан кетерин жарыялаган. Бирок көп өтпөй кайрадан курама командага кайтып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан