ЖКнын регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинде "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзам долбоору колдоо тапты
ЖКнын регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин 18-декабрдагы жыйынында "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат. Белгилүү болгондой, бул мыйзам долбоору борбор шаардын каржылык жактан көз карандысыздыгын камсыз кылып, административдик өзгөрүүлөр менен катар мэрлердин ыйгарым укуктарын күчөтмөкчү. Аталган комитеттин төрайымы Айнуру Алтыбаева "бул мыйзам долбоору коомчулуктун кызыгуусун арттырып, комитет жыйындарында көптөгөн талаш-тартыштарды жаратууда" деп мыйзам долбоорунун актуалдуулугун белгиледи. Жыйынтыгында бул мыйзам долбоору биринчи окууда ЖКнын палатасына чыгарыла турган болду.