Биз социалдык тармакта

Орусиядан Кыргызстанга баңгизат жөнөтүү менен алектенгендер кармалды (видео)

Орусиядан Кыргызстанга синтетикалык баңгизат жөнөтүү менен алектенген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Кыргызстанга жөнөтүлгөн таңгакты алып жаткан жеринен 18 жаштагы Орусиянын жараны кармалды. Тинтүү учурунда 506 грамм "Альфа-PVP" психотроптук заты, психотроптук заттарды таңгактоого арналган электрондук тараза жана полимердик баштыктар табылган. Аталган жаран Бишкекте 5 айдын бери психотроптук заттарды жашыруун жайгаштыруу менен алектенип келгендиги да аныкталды.

Андан ары биргелешкен иш-чаралардын жүрүшүндө Орусиядан 52 жаштагы баңгизат камтылган жүк жөнөтүүчүлөрдүн бири кармалды. Тинтүү учурунда 1 килограмм "метамфетамин" психотроптук заты табылган.

Тергөө уланууда.

Орусиядан Кыргызстанга баңгизат жөнөтүү менен алектенгендер кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан