Жалал-Абад облусунун Сузак жана Чаткал райондорунда окуучулардын каза болушуна байланыштуу жагдайларды тактоо үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматта комиссия учурда жеринде иш алып барып жатканы айтылат.
Эске салсак, 18-сентябрда Чаткалда 15 жаштагы өспүрүм каза болуп, кылмышка шектүү катары 4 окуучу
кармалган. 17-сентябрда Сузакта 10-класстын окуучусунун өлүмунө шектелип 2
өспүрүм кармалган.