Жалал-Абад облусунун Сузак районунда окуучу сабалып, каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда облустук милиция билдирди.
Маалым болгондой, каргашалуу окуя Жыгач-Коргон айылында 17-сентябрга караган түнү катталды. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголду.
Тергөө учурунда кылмышка шектелип 2009-жылы туулган А.К. жана 2008-жылы туулган К.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери улантылууда.