Нарын. Нарын шаарына 13 метр бийиктиктеги балаты орнотулду

Нарын шаарынын аймагын Жаңы жылга карата жасалгалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Нарын шаарынын борбордук «Теңир-Тоо»  аянтына бийиктиги 13 метрди түзгөн балаты орнотулуп, түрдүү оюнчуктар, гирляндылар, дюралайттар менен кооздолуп, шаардын тургундарына, меймандарына Жаңы жылга карата майрамдык маанай тартууланууда. Нарын шаарынын Ленин, Шералиев, Раззаков көчөлөрүн дюралайттар менен кооздоп-жасалгалоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 56 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилип, шаардык муниципалдык «Таза Нарын» ишканасынын эмгек жамааты тарабынан кооздоо иштери жүргүзүлүп жатат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан