Казакстанда машыгуу учурунда аскер кызматкерлеринин каза болушуна байланыштуу 5 адам кармалды. Бул тууралуу Казак басылмалары жазышты.
Кармалгандардын арасында Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы командачысынын биринчи орун басары, 2 аскер бөлүгүнүн командири, деңиз-жөө аскерлер ротасынын командири жана "Кайсар" кайыгынын командири бар.
Бул факт боюнча аскердик-тергөө бөлүмү кызматтык шалаакылык жана кемени башкаруу эрежелерин бузуу боюнча кылмыш ишин тергеп жатат. Тергөө Казакстандын Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратурасынын көзөмөлүндө.
Белгилей кетсек, кечээ, 24-сентябрда машыгуу учурунда аба ырайынын начарлашынан 17 аскер деңизге агып кеткен. Үчөө куткарылып, 14ү каза болду. Бүгүн Казакстанда аза күтүү күнү.