Биз социалдык тармакта

Каспий деңизинде каза болгон казакстандык аскерлердин аты-жөнү жарыяланды (видео)

Казакстандын Маңгыстау облусунда Аскер-деңиз күчтөрүнүн машыгуусу учурунда болгон кырсыкта каза болгон кызматкерлердин саны 12ге жетти.

Кырсык 24-сентябрда Каспий деңизинин жээгинде болду. Маалыматка караганда, машыгуу тапшырмасын аткаруу учурунда аба ырайы кескин өзгөрүп, шамал күчөгөн. Натыйжада 17 аскерди деңизге толкун алып кеткен.

Алардын 12си каза болуп, үчөө куткарылды. Дагы эки аскерди издөө иштери уланууда.

Каза болгондордун арасында 11 матрос жана бир офицер бар.

1. ага лейтенант Мухтарулы Олжас;
2. матрос Аяпберген Сержан Талгатулы;
3. матрос Омирзак Омирбек Омирболатулы;
4. матрос Кобенов Алмас Жусипулы;
5. матрос Толеген Акылбек Қабденұлы;
6. матрос Темиргалиев Женис Тлеушеевич;
7. матрос Бердиханов Мейрамбек Ермуханулы;
8. матрос Жанабай Асет Саматулы;
9. матрос Мадихан Азамат Болатбекулы;
10. матрос Бегей Дастан Нурболулы;
11. матрос Гилаж Акжайық Болатбетулы;
12. матрос Диханбаев Олжас Тажибайулы.

Окуянын себептерин аныктоо үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү. Анын курамына Коргоо министри, Маңгыстау облусунун акими жана бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.

Каспий деңизинде каза болгон казакстандык аскерлердин аты-жөнү жарыяланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан