Акын Нурсултан Малдыбаев Казакстандын Маңгыстау аймагындагы Каспий деңизинде каргашалуу окуядан каза болгон аскер кызматкерлеринин жакындарына көңүл айтты. Ал маркумдарга арнап "Көңүл айтуу" аттуу ырын жазды.
Акын комуздун коштоосунда аткарган чыгармасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына колдоо сөздөрүн айтып, жалпы казак элине кайгыруу менен көңүл айтты.
Нурсултан Малдыбаев чыгарма аркылуу жоготуунун кайгысы чек арага бөлүнбөй турганын белгилеп, Маңгыстаудагы трагедия Кыргызстан менен Казакстандын элдерине орток кайгы болгонун билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ, 24-сентябрда машыгуу учурунда аба ырайынын начарлашынан 17 аскер деңизге агып кеткен. Үчөө куткарылып, 14ү каза болду. Бүгүн Казакстанда аза күтүү күнү.